Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:29

Орусия “Манас” аба майданын жаңылоого жардам берет


Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Москвада “Роснефть” компаниясынын жетекчиси Игорь Сечин менен жолукту. Кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматы кабарлагандай, анда “Манас” аба майданында транзиттик борбор курууда кызматташуу тууралуу сөз болду. Ага ылайык, “Роснефть” компаниясы “Манас” жана Оштогу аба майданындагы авиациялык түзүмдү жаңыртууга жардам берүүгө макул болду. Ошондой эле “Роснефть” компаниясы ушул жылдын 15-майына чейин Кыргызстанда расмий өкүлчүлүгүн ачууга макулдашылды.

Кыргызстандын премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев 22-апрелде Орусияга иш сапар менен барган. Анда орус премьери Дмитрий Медведев баштаган өкмөт өкүлдөрү, мамлекеттик мекемелердин башчылары менен жолугушуулар белгиленген. Алдын ала маалыматка ылайык, анда “Кыргызгазды” Орусияга сатуу жана ГЭСтердин курулушуна байланыштуу сөз болмокчу.(BkA)

XS
SM
MD
LG