Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:16

Ооганстанда барымтага алынгандар арасында кыргыз жараны бар


Ооганстандын Логар провинциясында талибдер барымтага алган 10 адамдын арасында 47 жаштагы Нургазы Конушбеков аттуу кыргызстандык жаран бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, Конушбеков ичинде болгон Ми-8 үлгүсүндөгү тик учак 22-апрелде Ооганстандын чыгышындагы Логар провинциясында авариялык конууга аргасыз болгон. Ошол учурда талибдер барымтага алышкан.

Учурда Тышкы иштер министрлиги Ооганстандын расмий бийлиги, АКШ, Орусия, Түркия элчиликтери жана Ооганстандагы коопсуздукту камсыздоо боюнча эл аралык күчтөрдүн командачылыгы менен байланышып, зарыл чараларды көрүүгө аракет кылып жатат. Ошондой эле бул боюнча Тышкы иштер министрлигинде атайын топ түзүлдү. Азыркы учурга карата талибдер барымтадагыларды бошотуу боюнча кандайдыр бир талаптарды кое элек.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG