Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:32

Түлеевдин тарапкерлери депутатты үй камагына чыгарууну суранышууда


Жогорку Кеңештин депутаты Нариман Түлеевдин Нарындан келген тарапкерлери аны үй камагына чыгарууну суранышууда. Бул тууралуу алар бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдиришти. Тарапкерлердин бири Майрамбек Жумабаевдин айтымында, Түлеевдин үстүнөн жүрүп жаткан сот иши атайын создугуп, ал ортодо камактагы депутаттын саламаттыгы начарлоодо. Мындан улам тарапкерлер сот жүрүп жатканда Нариман Түлеевди үй камагына чыгара турууну суранышууда.

Бишкек шаарынын мурунку мэри, азыр “Ата-Журт” партиясынын депутаты Нариман Түлеев өткөн жылы 21-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына камакка алынган. Ага 2008-жылы Бишкек мэри болуп турган кезде Кытайдан автобустарды алып келүүдө мамлекетке ири көлөмдөгү зыян келтирген деген айып тагылган. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG