Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:10

Батукаев боюнча комиссиянын мүчөлөрү Нарынга барышты


Мыйзамдагы ууру делген Азиз Батукаевдин абактан эрте бошоп кеткенин иликтөө боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын мүчөлөрү: Турсунбай Бакир уулу, Нуркамил Мадалиев жана Эркин Сакебаев учурда Нарын шаарында жүрүшөт. Алар менен чогуу комиссиянын алдында түзүлгөн медиктердин эксперттик тобунун мүчөлөрү да жөнөп кетишкен. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган комиссиянын төрага орун басары Дамира Ниязалиева кабарлады. Анын айтымында, депутаттар Батукаев жазасын өтөгөн Нарын шаарындагы №24 тергөө абагына, ал дарыланган облустук ооруканага жана аны “айыкпас илдетке кабылды” деп эркиндикке чыгаруу чечимин чыгарган шаардык сотко барышат.

Нарын шаардык соту 9-апрелде Батукаевди "айыккыс ооруга чалдыкты" деп бошотуп жиберген. Ал ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен. Парламент бул окуя боюнча депутаттык комиссия түзгөн. Өткөн аптада депутаттык комиссия бир катар жетекчилерди кызматтан убактылуу четтетүүнү сунуштаган. Андан көп өтпөй эле вице-премьер-министр Шамил Атаханов кызматын өз эрки менен убактылуу тапшырган.(BkA)

XS
SM
MD
LG