Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:51

Жумгал: Кызматтан бошотулган айыл башчысынын тарапкерлери ачкачылык жарыялады


Жумгалда кызматынан убактылуу четтетилген Көк-Ой айылдык өкмөтүнүн башчысы Ынтымак Өмүровдү колдоп, 20 адам ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу Ынтымак Өмүров “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында Жумгалдагы айрым бийлик өкүлдөрү аны куугунтуктап, негизсиз кылмыш ишин козгоп, кызматтан алып коюшкан. Мындан улам анын тарапкерлери нааразы болуп ачкачылык кармап жатышат.

Жумгал районун акими Адылгазы Иманкулов болсо бул дооматтарды четке какты. Ал Өмүровго прокуратура тарабынан кылмыш иши ачылгандыктан, тергөө бүткөнчө кызматтан четтетилгенин "Азаттыкка" билдирди.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG