Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:10

НАТО Ооганстан жана Сирия маселесин талкуулоодо


НАТОнун тышкы иштер министрлери 2014-жылдын аягында Ооганстандан эл аралык күчтөрдүн негизги бөлүгүн чыгарып кетүү жана 2015-жылдан баштап Кабулду колдоо маселесин талкуулашууда.

Брюсселдеги жыйынга бүгүн Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров да кошулат. Москваны АКШ сунуш кылган ракетадан коргонуу системасы кыжаалат кылууда. НАТОнун башкатчысы Андерс Фог Расмуссендин айтышынча, Лавров менен Корей жарым аралындагы жана Сириядагы кырдаал боюнча сүйлөшүү болот.

Ал эми Ооганстандан аскердик техниканы чыгаруудагы Орусиянын ролу жана Кабулду тикучарлар менен камсыздоо, ошондой эле пилотторду машыктыруу боюнча Москванын милдеттенмеси НАТО-Орусия кеңешинин жыйынында талкууланат.

XS
SM
MD
LG