Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:01

Франциянын Ливиядагы элчиканасына бомба чабуулу жасалды


Машинеге коюлган бомбанын жарылуусунан элчиликтин эки француз күзөтчүсү жарадар болду. Бирөөнүн абалы оор экени кабарланды. Ливиянын өкмөттүк LANA агенттиги чабуулдан элчиликтин сырткы дубалы жана бир нече машине катуу зыян тартып, өрт чыкканын маалымдады. Кол салуунун себеби азырынча белгисиз.

Франциянын президенти Франсуа Олланд Ливия өкмөтүн “ынангыс бул окуяны терең иликтеп, кылмышкерлерди таап, сот жообуна тартууга” чакырды. Франциянын тышкы иштер министри Лоран Фабиус кол салууну “кара мүртөздүк” деп сындады.

Былтыр сентябрда Ливиянын чыгышындагы Бенгази шаарындагы Кошмо Штаттардын консулдугуна чабуул коюлуп, АКШ элчиси жана үч америкалык набыт болгон.

XS
SM
MD
LG