Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:47

Москвада Кыргызстандын жана Орусиянын өкмөт башчылары жолукту


Москвада иш сапар менен жүргөн өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев менен жолукту. Анда Медведев эки өлкөнүн мамилеси туруктуу жана ишенимдүү өнүгүп жатканын, кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясы аркылуу бир катар иштер аткарылганын билдирди. Жантөрө Сатыбалдиев болсо 2012-жылы эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү мурдагы жылдарга караганда 20 пайызга көбөйүп, 2 миллард доллардан ашканын белгиледи.

"Азаттыктын" кабарчысы Замира Кожобаеванын Москвадан билдиришинче, жолугушуу жыйынтыгында Кыргызстан менен Орусиянын Бажы кызматтарынын ортосундагы эки тараптуу соода жүгүртүү үчүн жүк ташууда маалымат алмашуу жана бажы операциясын жеңилдетүү боюнча протоколго, Бишкек шаарына троллейбустарды сатып алуу боюнча келишимге кол коюлду.

Кыргызстандын премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев 22-апрелде Орусияга иш сапар менен барган. Эки күн ичинде ал орус премьери Дмитрий Медведев баштаган өкмөт өкүлдөрү, мамлекеттик мекемелердин башчылары менен жолукту.(ZKo\BkA)

XS
SM
MD
LG