Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:56

"Замандаш" ассоциациясынын түзүлгөнүнө 10 жыл болду


Бул тууралуу аталган ассоциациядан кабарлашты. Бул мааракени белгилөө үчүн «Замандаш» бир катар иш-чараларды өткөргөнү жатат. Ага ылайык, Ярослав облусунда кыргыз маданиятынын күндөрү, чет өлкөдөгү кыргыз диаспораларынын арасында «Ыр кесе», мигранттардын маселелерине арналган эл аралык конференция уюштурулат жана "Замандаштын" Ош менен Казакстандын Алматы шаарындагы өкүлчүлүгү ачылат.

Учурда 100дөн ашык уюмду бириктирген ассоциация 2003-жылы чет жерде жүргөн мигранттардын укугун коргоо максатында түзүлгөн. Андан бери ассоциация мигранттарга гуманитардык, социалдык, юридикалык жардамдарды көрсөтүп келет. (BkA)

XS
SM
MD
LG