Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:56

Талиптер барымтадагы тик учактын адамдарын бошото элек


22-апрелде он жүргүнчүсү бар тик учак эки пилоту менен кошо Ооганстандын чыгышындагы талиптер көзөмөлдөгөн аймакка аба ырайынын катаал шартынан улам аргасыз конгон. Талиптер барымтага алгандардын ичинде кыргыз жараны, 47 жаштагы пилот Нурлан Конушбеков жана анын орусиялык кесиптеши, түркиялык сегиз инженер, ооган котормочу бар экени кабарланууда. Ооган бийликтери туткундарды барымтадан бошотуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Логар провинциалдык кеңешинин башчысы Абдул Вали Вакил “Азаттыкка” телефондон:

"Биз талиптер менен байланыштык. Аракетибизди улантуудабыз. Кечээкиге караганда, бир кыйла оң жылыштар бар. Азыр барымтадагылардын көпчүлүгү түрктөр жана мусулмандар экени аныкталды”, - деди.

Талиптер менен сүйлөшүүдө уруу аксакалдары чоң роль аткарып жатканы да маалымдалды. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Турдакун Сыдыков талиптер эч кандай шарт коё элек экенин билдирди. Президент Атамбаев өлкөнүн тийиштүү кызматтарына Конушбековду бошотуу үчүн бардык чараларды көрүүнү буйруганын мамлекет башчынын маалымат катчысы Кадыр Токтогулов маалымдады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG