Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:21

Арстанбап токоюн тооруган кыянатчылыктар


Арстанбап жаңгак токою.
Арстанбап жаңгак токою.

Арстанбап деген атты укканда ал жерде дүйнөдөгү башка токойлорго бир да окшошпогон жаңгак-мөмөлүү токойлор, асман тиреген бийик тоолору, көк кашка суулары, каңылжырды жарган таза абасы, токой ичинде түрдүү куштардын кубулжута сайраган үндөрү дароо көзгө тартылат. Мындай кооз жана уникалдуу токойлорду дүйнөдө башка эч бир жерден кездештирүү мүмкүн эмес.

Кичи шаркыратма


Жайдын ысык күндөрү Арстанбапка келсеңиз салкын абасы көңүлүңүздү сергитип, кичи шаркыратмасынын шапатасында турсаңыз, айланаңызда болуп жаткан көйгөйлөрдү унутуп, башка дүйнөдө жүргөндөй болосуз.

Кыргыздын чыгаан жазуучулары Шабданбай Абдраманов менен Мурза Гапаров, чыгаан акын Жолон Мамытов бекер жеринен Арстанбаптын сулуулугуна тамшанып, жакшы чыгармаларын ушул жерде жазгандыктарын жөн жерден газета-журналдарга жазган эместир. Бирок ушундай керемет жерибиздин абалын өткөн кылымдагы абалы менен салыштырып көрсөңүз жакынкы 30-40 жылдын ичинде Арстанбаптын кооздугун, токойлорун жана анын биотүрдүүлүгүн жоготуп албайбызбы деген суроону өзүңүзгө берүүгө аргасыз болосуз.

Сел каптаган жол

Базар-Коргон тараптан Арстанбапка бара жаткан жолдун боюндагы Каба айылынан өтө берген жерде өткөн жылы сел басып, жолду адырлардан агып келген миллиондогон куб метр шагыл таштар басып калган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги селдин кесепетин тазалай албай, айласыздан ошол таштардын үстү менен машиналар өтө турган чыйыр жолду эптеп салып коюшкан. Эмне үчүн сел каптады? Ошол жердеги көптү көргөн аксакалдардан сураганыбызда алар “бала болуп, башыбызга түк чыккандан бери” мындай алааматты биринчи жолу көрүп турабыз дешти.

Гарри Трумэн ашык болгон жаңгак токою


Потсдамдагы тынчтык конференциясында экинчи дүйнөлүк согуштун жыйынтыгын чыгарып жатып, АКШнын президенти Гарри Трумэн Сталинге күтүүсүз сунуш менен кайрылат: эгерде Совет өлкөсү Кыргызстандын жаңгак токойлорун 50 жылга убактылуу пайдаланууга берсе, АКШ СССРдин карыздарынын кыйла бөлүктөрүн кечип жиберүүгө даяр.
Уламыштарга ишенсек, биздин заманга чейинки III кылымда Искендер Зулкарнайндын (Александр Македонский) жоокерлери азыркы Кожент шаарына кирип келет да жоокерлери четинен ылаңдап калат. Алардын кыйраткыч согушунан корккон жергиликтүү эл Искендер Зулкарнайынга соога катары жаңгак ала барышкан экен. Жаңгак жеген жоокерлери дароо айыгышып, ошол жерден Искендер Зулкарнайын өзүнүн жортуулун андан ары улантпастан, артка кайтыптыр. Ошондо ал ар бир жоокерине экиден жаңгак ала барып, Грецияга эгүүгө буйрук берген экен. Мына ошентип кыргыз жаңгагы «грек жаңгагы» деген ат менен дүйнөгө белгилүү болгон.

Потсдамдагы тынчтык конференциясында экинчи дүйнөлүк согуштун жыйынтыгын чыгарып жатып, АКШнын президенти Гарри Трумэн Сталинге күтүүсүз сунуш менен кайрылат: эгерде Совет өлкөсү Кыргызстандын жаңгак токойлорун 50 жылга убактылуу пайдаланууга берсе, АКШ СССРдин карыздарынын кыйла бөлүктөрүн кечип жиберүүгө даяр. Сталин туңгуюкка такалган, себеби ал мындай токойлордун бар экендиги тууралуу билген эмес. Тез аранын ичинде Сталиндин столунда бул токойлор тууралуу толук маалымат пайда болот. Маалымат менен жакындан таанышып чыккандан кийин, “Трумэн мырза, табигат тартуулаган, ата-бабадан калган кооз мындай токой дүйнөнүн эч бир жеринде жок. Бул биздин мамлекеттик байлыгыбыз. Биз Америкага карызыбызды сураган баада төлөп берүүгө даярбыз, бирок бул токойду бербейбиз”, - деп жооп берген. Кыргызстандын жаңгак токойлорунун баалуулугуна жогору баа берип, аны сактап, коргоп калууга керектүү министрликтерге тапшырма берген.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин расмий докладында Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин бардык мамлекеттердин АКШга карызы 12,4 миллиард доллар болгон. Бул карыз 50 жыл мурда болгон жана үлкөн сумманы түзгөн. Анын беш проценти же 1,1 миллиард доллары СССРдин карызы болуп чыккан. Ошол кезде Сталин канчалык көсөмдүк кылгандыгы көрүнүп турат. Себеби, бул токойлор көптөгөн мезгилдер бою жалпы державанын баа жеткис байлыгы болуп тура берерин аңдаган.

Жаңгак токоюн сактоого кызыккандар болгонбу?


Муктар аксакал.
Муктар аксакал.
Жакында Арстанбапта болгонумда, 76 жаштагы Муктар деген аксакал менен жолугуп, анда Арстанбаптын тарыхы тууралуу 1800-жылдары араб тамгалары менен жазылган китеп бар экендигин, Арстанбаптын жашоочулары токойду коргоо тууралуу Кудаяр-ханга жылкынын терисине жазылган кайрылуу алып барышып, Кудаяр-хан ал кайрылууга өзүнүн мөөрүн басып, токойду кыйдырбай сактап калуу тууралуу уруксат берген пергаменттеги ошол буйрук аларда дагы эле сакталып тургандыгын жана ал жазууну эч кимге көрсөтпөй сактап келе жатышкандыгын айтып берди. Мен бир көрсөм болобу деген суроомо “жок” деп кесе жооп берди. Ал киши Арстанбаптын тарыхы деген китепти сүрөткө тартып алдым, бирок араб тамгаларын билбегендиктен анын ичинде эмне жазылгандыгын түшүнгөнүм жок

Он тогузунчу кылымда падышалык Орусия Орто Азия аймагын багындырып, жаңгак мөмөлүү токойлорго көңүл бурат. Токойлорду сактоо, коргоо жана илимий изилдөө иштерин жүргүзүү максатында Токой департаментин уюштурган. 1894-1897-жылдардын аралыгында бул департамент токойлордун жайгашуу географиясын изилдеп чыккан. Илимий изилдөө иштеринде окумуштуулар токойлордун картайып кеткендигин, токойдун табигый калыптануусу жеткиликтүү болбогондугун, токойго малдын ыксыз жайылышынын тийгизген терс таасирин, токойду сактоо зарылдыгын белгилешкен. Ошол учурда жаңгак мөмөлүү токойлордун жалпы аянты бир жарым миллион гектарга жакын болчу. Ал эми бүгүнкү күндө бул токойлордун аянты 632 500 гектар аянтты түзөт же 900 миң гектар аянтка кыскарып кеткен. Анын ичинен таза жаңгак токоюнун аянты 34200 гана гектар.

1897-жылдын 2-июнундагы “Токойлорду өстүрүү, токойлорду калыбына келтирүү жана токой иштери жөнүндө” жобону камтыган Түркстан крайы боюнча мыйзамдар топтомунда крайдагы тоолуу токойлорду сактоо жөнүндө кам көрүүгө өтө чоң маани берилген. Ошол кездеги Түркстандын Мамлекеттик токой чарбасынын негизги милдети тоолуу токойлордун биологиялык көп түрдүүлүгүн сактоо болгон. Бул мыйзамдарда тоолордогу токой аянттарынын азайышы жана токойлордун суюлуп кетиши жана токойдун сарамжалсыз пайдаланышы орду толгус жоготууларга алып келери белгиленген.

Токой аянттарын айдоо катары пайдалануу жапайы өсүмдүктөрдүн жоголушуна алып келүү менен токойдогу генетикалык табигый түрдүүлүктүн бузулушун пайда кылат. Ошондуктан, аны сактап калуу боюнча илимий иштер жүргөн.

Жаңгак мөмөлүү токойлорго алгачкы илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөн академик А. Ф. Мидендорф 1878-жылы Түркстан крайына жасаган саякаты тууралуу өзүнүн 1882-жылы жарык көргөн “Фергана өрөөнү жөнүндө очерктер” аттуу китебинде жергиликтүү калктын токойлорду аёосуз жок кылгандыгын жазып кеткен. Ю.Н. Чичикин “Дүйнөдөгү жападан-жалгыз” аттуу китебинде Фергана өрөөнүнүн жаңгак уюлдары, революцияга чейинки убактарда дүйнөлүк базарларда анын бир килограммы бир килограмм күмүштүн баасында сатылгандыгы тууралуу жазат.
1885-жылга чейин жаңгак уюлдарын даярдоо жүргүзүлгөн эмес. Уюлдардын биринчи партиялары 1885-жылы даярдалып, салмагы 20 пуд (1 пуд - 16 кг.) келген уюлдар чет өлкөлүк базарга, Марселге чейин жеткирилип, ал жерден ар бир пуду 70 рублден сатылган. Ошол эле убакта Марселде Персияда даярдалган жаңгак уюлдарынын ар бир пуду 20 рублдан сатылган. (Ошол кезде бир жакшы жылкы 2 рубль турган). Мына ушул соодадан кийин Фергана өрөөнүнөн келген уюлдарга Англиядан, Франциядан жана Америкадан заказдар түшө баштаган.

1886-жылы Фергана облусунун губернатору Өзгөн районунун токойлорун кесүүгө буйрук берип, андан жергиликтүү казынага ар бир кыйылган жаңгак дарагынан 5 рублдан төлөөнү милдеттендирген. Кесүүгө уруксат берилген 100 жаңгак дарагынын ар бирине номер коюлган. Эгерде жаңгак уюлун кескенден кийин ошол дарак куурап калса, токойду кыйган адам казынага ар бир куураган дарак үчүн 2 рублдан төлөөгө милдеттүү болгон. Мамлекет токойлордун сакталышына жана корголушуна баа берип, ошол эле кезде токой үчүн киреше түшүп турган.

1932-35-жылдары, башка да илимий экспедициялар жаңгак-мөмөлүү токойлордун баа жеткистиги тууралуу изилдеп чыгышкан. Мына ошол изилдөөлөрдө окумуштуулар жаңгак-мөмөлүү токойлордун Фергана өрөөнүн жана Арал деңизин суу менен камсыз кылууда зор роль ойной турганын белгилешкен. Бирок экинчи дйнөлүк согуш учурунда жыгач жана отун даярдоо зарылдыгы жогорку деңгээлге жетип, 1938-жылдан 1944-жылга чейин жыл сайын 25 миң чарчы метр жаңгак-мөмөлүү токойлордон жыгач даярдалып, кыркылып турган.

1944-жылы окумуштуулар тобу атайын экспедиция жүргүзүшүп, жаңгак-мөмөлүү токойлорго атайын статус берүү зарылдыгы тууралуу жогорку инстацияларга кайрылышкан. Ошол кездеги СССРдин өкмөтү бул кайрылуунун негизинде 1945-жылы апрелде өзгөчө режимде чарба жүргүзүүчү Түштүк Кыргызстан жаңгак-мөмөлүү корукту түзүү боюнча токтом кабыл алган. Бул токтомдо негизинен токойдо мал жаюуга, чөп орокко жана токой жемиштерин жыйноого чек койгон. Бирок бул чаралар эч качан толугу менен аткарылган эмес.

Жаңгак токоюнун баалуулугу эмнеде?

Жаңгак токойлорунун баа жеткистиги бир нече аспектиде көрүнөт. Мисалы, экологиялык аспекте: токойду коргоо жана сактоо, өрөөндөрдү суу менен бир калыпта камсыздоо, жер кыртыштарын эрозиялык бузулуулардан сактоо, биотүрдүүлүктү сактоо жана жакшыртуу, токойлорду калыбына келтирүү, абаны кислород менен камсыздоо дал мына ушул токойлордун үлүшү.


Экономикалык аспектиде болсо, жергиликтүү калктын токой байлыктарын туруктуу пайдалануу менен турмуш-тиричилигин өткөрүүсү жана оңдоосу, отун, чөп чабык, мөмө-жемиш, дары чөптөр, мергенчилик, курулуш материалдары, токой аянттарын ижарага берүү, жакырчылыкты кыскартуу жана башкалар бар.

Социалдык аспектиден караганда, эс алуу, туризм, жумуш орундары менен камсыз кылуу, токойду башкаруунун укуктук-нормативдик базаларын жакшыртуу, биргелешкен токой башкаруунун жолдорун иштеп чыгуу жана турмушка ашыруу жана башкалар өзгөчө маанилүү.

Чынында бул токойлордун азыркы кездеги зарылдыгы жана сапаты өзгөчө. Окумуштуулардын эсептөөлөрү боюнча, жаңгак-мөмөлүү токойлордо 130 ашык түрдүү дарактар жана бадалдар, дары-чөптөр өсөт. Алар: жаңгактын, жапайы алчалардын, жапайы алмалардын, алмуруттардын, кара өрүктүн, арчалардын, бөрү карагаттын, долонолордун, мистелердин жана башка да көптөгөн бактардын ар түрдүү породалары. Бул ченемсиз байлык эмей эмне?

Токойлордун бардыгы тоолордо жайгашып, жер кыртышын, сууларды, биотүрдүүлүктү камсыз кылуу менен селден сактоодо да негизги ролду ойнойт. Өзгөчө жаратылыш токойлору жантайыңкы боорлордо жайгашкандыктан алар жаан-чачындарды өздөрүнө сиңирип алып, сууну акырындык менен сайларга берип, кыртышты суу эрозияларынан жана суу каптоодон сактап турат.

Токойдун сууну сактоодогу ролу эбегейсиз. 1949-жылы Шульц деген окумуштуу өзүнүн формуласында суунун запастарынын 6 процентин мөңгүлөр берсе, 94 процентин токойлор бере тургандыгын эсептеп чыккан. Ошондуктан да токойлорду сактоо, коргоо жана калыбына келтирүү бул Кыргыз Республикасынын ар бир атуулунун жооптуу милдети болуп саналат.

Жыгач материалдарынан башка токой байлыктары, дары чөптөр, мөмө-жемиштер, козу карындар, бал аарычылык токойдо жашагандардын жана токой байлыктарын пайдалангандардын реалдуу киреше булактары болуп эсептелет.

Адамдын токойго болгон басымы кандайча өсүүдө?

Токойду асыроо, өнүктүрүү, бир сөз менен айтканда башкаруу керек. Совет мезгилинде токойду башкарууга бюджеттен акча каралып, токойчулардын статусу жогору болгондуктан токойду башкаруу жер-жерлердеги токой чарбалары аркылуу жүргөн. Бардык план-көрсөтмөлөр жогору жакта иштелип чыгылып, анын аткарылуусу төмөнгө түшүрүлгөн. Токойчулар бул пландарды талкуулоого, өз ой-пикирлерин кошууга катыша алышкан эмес.

Бул система 1992-жылдарга чейин жакшы абалда келген менен эгемендүүлүктүн жылдарында токой чарбаларды мамлекет тарабынан каржылоо кыйындай баштап, токой чарбаларынын абалы оорлошкон. Адамдардын арасында жумушсуздук күч алып, жашоо үчүн адамдар токойго басым жасай баштады. Токой байлыктарын каалагандай жыйнашып, токойдогу дарактарды кыйышып, базарларда каалагандай сатууга өтүштү. Ошентип, пайда көрүүчүлүк аң-сезим күчөп, башка бардык баалуулуктар четке кагылды. Токойдон алганды билип, бирок токойго эч пайда келтирбестиктин өзү токойдун сөз жок кыйрай башташына алып келди.

Бийликте кадрлар бизнеси же токой тууралуу түшүнүгү жок акчалуу адамдардын токой чарбаларына жетекчи болуп дайындалышы, алардын компетентсиздиги, токой адистеринин тез-тез алмашуусу, эл арасында токойду сактоо, коргоо жана өстүрүү, өнүктүрүү боюнча түшүндүрүү иштеринин жетишсиздиги, адамдар тарабынан рыноктун шартында башка баалуулуктардын четке кагылышы, коррупциялашуу, жогорку чиндеги чиновниктер өз жеке кызыкчылыктарын жалпы кызыкчылыктардан жогору коюшу жана токойду бүлдүрүп, жаңгак уюлдарын казып саткан кылмышкерлерди куугунтуктабай, кайра калкалашы, алардын экономикага тийгизген терс таасирлери, аларга каршы күрөштө бийликтин алсыздыгы, бийликке болгон ишенимдердин жоголушу, ушунун баары азыркы жаңгак токойлорунун оор ахыбалда калышына алып келди.

Буга кошумча адамдардын турмуш-тиричилигинин начарлашы же жакырчылыктын айынан элдин көмүр, газ, отун сатып алууга мүмкүнчүлүктөрүнүн жоктугу, токойду коргоого, сактоого жана өстүрүүгө жалпы элдин тартылбагандыгы, токой зонасында калктын санынын өсүшү, токой аянттарында турак-жайлардын уруксатсыз курулуп жатышы, токой мыйзамдарынын аткарылбай жаткандыгы, токой зыянкечтеринин көбөйүшү, токойду сарамжалсыз пайдалануу, көзөмөлсүз мал жаюу, өлкөдөгү саясий туруксуздук токойлордун мыйзамсыз мыкаачылык менен кыйылып жатышына түрткү болууда.

Мына ушул жогорудагы маселелердин келип чыгышынын себептеринин бири - токой байлыктарын башкарууга жергиликтүү жамааттардын, калктын жеткиликтүү тартылбай жатышы. Союз убагында токой байлыктары борбордон башкарылып келиши, токойдун аймагында же ага жакын жашаган айылдар да борбордук башкарууга гана баш ийиши калктын токойго болгон аң-сезимдүү кожоюндук мамилесин калыптандырбай, тескерисинче керектөөчүлүк гана мамилесин күчөтүп койгон.

Токой азаюуда, адам көбөйүүдө

Жаңгак мөмө токойлорунун арасында жашаган адам саны өсүүдө. Ушундай токойлорго караган аянттарда азыр жалпысынан бир жарым миллион адам, анын токой тилкесинде гана 60200дөн ашык, бир чакырымдай аралыгында 23700дөн ашык, эки чакырымдай аралыкта 435000ге жакын адам, беш чакырымдай аралыгында 848000ге жакын адам жашап, токой байлыктарынан түз же кыйыр пайдаланышууда. Алар турмуш-тирилик багытында токой байлыктарын терип, базарга сатышат.

Адамдардын пикири боюнча, токойду Кудай адамдар үчүн жараткан, ошондуктан анын байлыктарын бекер алышыбыз керек деген жатып ичерлик аң-сезим жан дүйнөлөрүн ээлеп келет. Отунду да сатып алышпай эле токойдон пайдаланып келишет. Анын аркасында токойго болгон басым улам күчөөдө. Мисалы, Арстанбап айыл өкмөтүндө өткөн кылымдын 90-жылдарында алты миңге жакын калк болсо, бүгүнкү күндө 18 миңден ашык. Ар бир үй-бүлө жылына орто эсеп менен 20 кубометрден отун керектейт. Ошондо Арстанбапта жылына 64 миң кубометр отун даярдалат. Анан да ал жердегилер отундарды өздөрү үчүн гана пайдаланбастан, күнүмдүк турмушун өткөрүү үчүн базарларда сатышууда. Базар-Коргон кыштагындагы жана Жалал-Абад шаарындагы базарларда токойлордон кыйылып келип сатылып жаткан отундарды көрүп, токойго канчалык зыян келтирилип жатканын даана билсе болот.

Адамдардын саны өсүү менен жаңы үй-бүлөлөр пайда болуп, алар түтүн булатууга там-таштарын куруулары керек. Айласыздан токойдун арасына тамдарды куруп, токой аянттарынын кыскарышына алып келишүүдө. Бул жерде өкмөттүн бул маселени чечүүдө эч кандай чара көрбөгөндүгү, токойлорго болгон кош мамилесинен кабар берет.

Токойго адамдардан башка да токой зыянкечтери, малак курту, коңуздар, шире мителери өтө чоң зыяндарды алып келүүдө. Токойду химиялык жол менен дарылоого жыл сайын 15 миллион сомго жакын каражат талап кылынат, бирок мындай каражат мамлекеттин капчыгында жок. Токойду химиялык жол менен дарылоо бир жагынан экологияга зыян алып келсе, экинчи тараптан анын байлыктарын сыртка сатууга тоскоол болуп, чет элдик кардарларды жоготуп алуу коркунучун туудурат. Ал эми биологиялык жол менен дарылоого көп каражат жана шарттар талап кылынат. Андай шарттар эгемендүүлүк жылдарында жокко учураган.


Жаңгак уюлунун баасы дүйнөлүк базарда кымбат турат, демек ал «жырткычтарга» кабылды. Кыргызстандын жаңгак токойлорунан уюлдарды (каптарды) даярдоонун башталышы 1993-1994-жылдарга туура келет. Ушул жылдары пайданын, кызылдай акчанын жытын сезип калган маңкурттар жеке менчик ишканаларды түзө коюшуп, жаңгак токойлорун талкалап киришти. Ошол кездеги чет элдик кардарлар жаңгак уюлунун ар бир килосуна төлөгөн үч доллардын бир да центи же тыйыны токой чарбанын капчыгына түшпөстөн, өмүрү токой менен токойго тиешеси жок адамдардын чөнтөктөрүнө түшүп, алар токой байлыктарынын эсебинен байып алышты же жогорку кызмат орундарга ээ болушту.

2000-жылдан баштап, чет элдик кардарлар кыргызстандыктардын ач көздүгүнөн жана намыссыздыгынан пайдаланышып, жаңгак уюлунун баасын бир доллар он центке чейин түшүрүштү. Мына ошого карабастан 500-600 жылдык жаңгак кыйылып, токой суюлуп, токойдун өзүнөн чыккан байлык, кайрадан токойду коргоо, сактоо, калыбына келтирүү үчүн пайдаланылган жок.

Жаңгак уюлдарын уурдап сатуунун жогорку чеги 1998-жылдан 2005-жылга чейин мезгилди камтыйт. 2001-2004-жылдардын аралыгында мыйзамсыз кыйылган 5176 жаңгак уюлу кармалып, тийиштүү органдар тарабынан конфискацияланган. Ал эми кармалбаганы канча экендиги белгисиз. 2006-жылдын ичинде уюлдарды мыйзамсыз кыйган 141 иштин бети ачылып, мамлекетке 7 миллион 904 миң 776 сомдук зыян келтирилгени аныкталган. 1998-2005-жылдары жаңгак уюлуна болгон суроо талаптар күчөгөндүктөн, адамдар жаңгактарды аёосуз кыркып, бул жерде чоң акча жаткандыктан алардын “крышалары” жогорку бийликтегилер менен укук коргоо органдарында иштегендер болушуп, адамдын сотунан акчанын күчү менен кутулушса, бирок кудайдын жазасынан кутула алышпастан, ошол жаңгактарды кыйышкандардын көбү жаңгак уюлунун акчасына алган машиналарынан кырсык табышып, түбөлүк майып же өмүрлөрү менен кош айтышкандыктары тууралуу кабарлар бар.

Биз бала кезде жаңгакка балта көтөрбө, анын да жаны бар, тирүү, майып болуп каласың дешип ата-энелерибиз же жашы уулу адамдар көп айткандыктан жаңгак дарагына балта көтөрүүдөн коркчубуз. Ошондогу калың токойлор азыр суюлуп, көпчүлүк жери какыраган таштакка айланды. Муну бирөө жасаган жок, биздин адамдар жасашты.

Элибиздин турмушу оңолуп, мурдагыга караганда малдын саны көбөйүп, токойсуз калган адырларды, чөптөрдү туяктары менен таптап тебелеген мал жайыттардын кунун кетирип, токойлордун сууларды кармап калуу касиети жоголду. Жааган жамгыр жерге сиңбей, сел болуп, атам замандан бери көрбөгөн мындай алааматты жарым саатка жааган жамгыр элге көрсөтүп жатат.

Фотобаян: Ажайып жер - Арстанбап



Сөзүмдүн аягында токойго жана жаратылышка биз кандай мамиле жасасак, жаратылыш да бизге жараша мамиле жасарын эсибизден чыгарбасак дегим келет.

Нурмамат Сапарбаев, Жалал-Абад облусу (Сүрөттөр автордуку)
XS
SM
MD
LG