Жапониянын премьер-министринин эскертишинче, эгер Кытай эки арадагы талаштуу аралдарга аяк таштачу болсо, ага Токио “күч” менен жооп берет. Синзо Абэ мындай билдирүүнү Кытай өкмөтүнө караштуу сегиз кеме Чыгыш Кытай деңизиндеги талаштуу аралдардын жанына сүзүп келгенден соң жасады. Ошондой эле Токио Кытайдын Жапониядагы элчисин чакырып, түшүндүрмө берүүсүн талап кылды.
Бул аралдарды жапондор Сенекаку, кытайлар Дяоюй деп аташат. Бүгүн эле балык уулоочу он кайыкка түшкөн жапониялык активисттер, ошондой эле жапон чек арачылары талаштуу аймакта болгону маалымдалды.
Токио-Бээжин ортосундагы акыркы араздашуу жапониялык 170 депутат империалисттик Жапониянын аскерлеринин символу саналган Токиодогу Ясукини ибадатканасына барган соң курчуду. Кытай депутаттардын бул кадамын “Жапониянын баскынчылык тарыхын тануу аракети” деп сындады.