Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:08

Оппозициянын митинги милициянын көзөмөлүндө болот


Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Жоробай Абдраимовдун “Азаттыкка” билдишинче, бүгүн Бишкекте өтүүчү митингде тартипти сактоого жетиштүү санда милиция тартылды. Кырдаалга жараша милицияга элдик кошуундар да кол кабыш кылат.

Шаардык милиция башчысы Мелис Турганбаев жарандар митингге чыгууга укугу бардыгын, бирок жол кыймылына жана шаар тургундарына ыңгайсыздык жараткандарга чара көрүлөрүн эскертти. Буга чейин “Эл үнү” оппозициялык кыймылы митинг маалында коомдук коопсуздукту камсыздоо, ар кандай чагымчылыкка, жолдун буулушуна жол бербөө боюнча шаардык милиция менен макулдашкан. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG