Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:18

Обамага шектүү кат жөнөттү делген адам бошотулду


АКШ прокурорлору уулуу рицин заты бар каттарды президент Барак Обама баштаган расмийлерге жөнөттү делген миссисипилик адамдан бардык айыптарды алып салды. Шейшембиде мындай чечим чыккандан кийин Пол Кевин Кертис Миссисипидеги түрмөдөн бошотулду. Прокурорлор иликтөөнүн жүрүшүндө жаңы жагдайлар пайда болгонун билдиришти. Шектүү делген Кертис болсо президент Барак Обаманы сыйлай турганын, эч качан мындай кадамга барбастыгын айтты.
Өткөн аптада уулуу рицин заты салынган кат президент Барак Обамага, ага чейин Миссисипи штатынан шайланган сенаторго жөнөтүлгөнү кабарланган. (KKs)

XS
SM
MD
LG