Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:40

Абылов: митингде чагым чыгышы мүмкүн


Кумтөр боюнча бүгүнкү митингде комендант болуп шайлаган Кыргызстандын Түркиядагы мурунку элчиси Мамбетжунус Абылов нааразылык акциядагы коомдук тартипти, коопсуздукту камсыздоо боюнча атайын штаб түзүлгөнүн "Азаттыкка" маалымдады. Буга чейин бийлик чагымчылыкка барат деген маалымат түшкөнүн, ошондуктан элдик кошуун уюштурулганын, алар провокация чыгаргандарды кармап милицияга өткөрүп берерин кошумчалады. Буга чейин Бишкек шаардык милициясы митингдеги тартип тууралуу “Эл үнү” кыймылынын лидерлери менен макулдашканы маалымдалган.

Абылов Кумтөр боюнча мыйзам парламентте каралбаса мөөнөтсүз митинг өткөрүү тууралуу чечим кабыл алынып, мындай нааразылык акциялар жер-жерлерде да өткөрүлүшү ыктымал экенин белгиледи.

Кабарчыбыздын билдиришинче, митингге катышып жаткандарга түшкү ысык тамак уюштурулду. (EBM)

XS
SM
MD
LG