Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:20

“Алмаз” радиосу менен Маданият министрлигинин ортосунда талаш чыкты


Көз карандысыз “Алмаз” радиосунун жетекчиси Рустам Кошмуратов аталган радио жабылуу алдында турганын айтып, билдирүү таратты. Анда Маданият министрлигинин Кинематография департаменти жайгашкан имараттын чатырындагы радионун антеннасын алуу үчүн 22-апрелде үч күн убакыт берилгени, бул антенна 15 жылдан бери эч кимге эч кандай жолтоо болбой эле турганы айтылат.

Кошмуратовдун маалымдашынча, аталган департаменттин башчысы Мукталы Бектаналиев антенна үчүн ижара акы доолаган, бирок канча болорун тактап кайрылышканда баасын айткан эмес. Ошондой эле имарат "Кыргызтелекомго" карай турганы, учурда департамент менен соттошуп жатканы маалым болгон.

Кошмуратов билдирүүсүндө “Алмаз” радиосу “Азаттык” үналгысынын өнөктөшү болуп эсептелерин белгиледи. 2005-жылы жана 2010-жылы ыңкылаптын алдында "Алмазды" жабуу аракети болгонун, эркин маалымат каражаттарын муунткан бийликтер кулаганын эске салды. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG