Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:22

Митингчилер спикердин келишин талап кылууда


Бишкекте Ала-Тоо аянтында Кумтөр боюнча митингге чогулгандар Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековдун жана депутаттардын келишин талап кылып жатат. “Эгемен Кыргызстан” партиясынын лидери Бектур Асанов нааразылык акцияга үч миңдей адам чогулганын “Азаттыкка” маалымдады. Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Жоробай Абдраимов милициянын эсебинде миңдей адам келгенин билдирди. Анын айтымында, коопсуздукту камсыздоого 300дөй милиция тартылды.

Жогорку Кеңеш Кумтөр боюнча келишимди жокко чыгаруу мыйзам долбоорун кароону бүгүнкү жыйындын күн тартибине киргизген жок. (EBM)

XS
SM
MD
LG