Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:57

Чемпиондор лигасы: Бавария – Барселона 4:0


Европа Чемпиондор лигасынын жарым финалдык биринчи оюну Мүнхенде өтүп, майдан ээлери атактуу Барселонага 4 гол киргизип, финалга карай ишенимдүү кадам таштады. Мүллер 2, Гомес менен Робен бирден топ киргизип, Испания чемпиондорун шылкыйтты. Топту көбүрөөк кармап жүргөн испандар бирок атаандаштарынын дарбазасына чындап коркунуч түзө албады. Жооп таймаш 1-майда Барселонада өтөт.

Бүгүн Германиянын Дормунд шаарында экин жарым финал өтөт - жергиликтүү Боруссия командасы Испаниянын Реалын кабыл алат. (SJ)

XS
SM
MD
LG