Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:12

Царнаевдердин апасы АКШ тергөөчүлөрүнө бүгүн да сурак берди


АКШнын расмий өкүлү Бостон марафону кездеги бомба чабуулун жасады деп шектелген ага – ини Тамерлан жана Жохар Царнаевдердин апасы Зубейдат Царнаева менен кайра кездешти.

Дагестандык адам укугун коргоочу Кеда Саратованын “Азаттыкка” айтышынча, жолугушуу Орусиянын федералдык коопсуздук кызматы- ФСБнын Махачкаладагы кеңсесинде өткөн. Шаршемби күнү АКШнын Москвадагы элчилиги америкалык тергөөчүлөр Дагестанга барышканын тастыктаган. Алар ошол эле күнү эрди - зайып Царнаевдерди суракка алганы кабарланган.

Бир тууган Царнаевдер 15-апрелдеги Бостондогу марафон кезде бомба жардырган деп айыпталууда. Жардыруудан 3 киши өлүп, кеминде 260 адам жараат алган. Тамерлан 19- апрелде полиция менен атышып жатып өлгөн. Оор жарадар болгон Жохар ошо күнү кечинде колго түшүп, азыр ооруканада жатат.

XS
SM
MD
LG