Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:26

Аба ырайы: сел коркунучу бар


Кыргызстанда 24-29-апрель күндөрү жааган жаан-чачындан улам тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарда сел жүрүшү жана дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал.

25-апрелде маал-маалы менен жамгыр жаап, тоолорго кар түшөт. Кээ бир райондордо жамгыр катуулайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +13…+18 градус; Талас облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +12…+17 градус; Баткен облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +12…+17 градус; Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +8…+13, күндүз +14…+19 градус; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +12…+17 градус; Нарын облусунда түнкүсүн +3…8, күндүз +12…+17 градус.

Бишкекте 25-апрелде маал-маалы менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: түнкүсүн +9... +11, күндүз +14... +16 градус болот. (EBM)

XS
SM
MD
LG