Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:42

Министр барымтадагы кыргыз жараны боюнча элчиден жардам сурады


Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев бүгүн Кыргызстандагы ооган элчиси Нур Мохаммад Каркин менен жолукту. Аталган министрликтен кабарлашкандай, анда Ооганстанда талиптер барымтага алган кыргыз жараны тууралуу сөз болду. Нурлан Конушбековду бошотуу боюнча ооган күч органдары керектүү чараларды көрүүсүн өтүндү. Элчи мүмкүн болгон чаралар, аракеттер көрүлүп жатканын билдирди.

Президент Конушбеков боюнча окуяны өз көзөмөлүнө алып, чукул чара көрүүнү атайын кызматка тапшырган болчу.

22-апрелде он жүргүнчүсү бар тик учак эки пилот менен кошо Ооганстандын чыгышындагы талиптер көзөмөлдөгөн аймакка аба ырайынын катаал шартынан улам аргасыз конгон. Талиптер барымтага алгандардын ичинде кыргыз жараны, 47 жаштагы пилот Нурлан Конушбеков жана анын орусиялык кесиптеши, түркиялык сегиз инженер, ооган котормочу бар экени кабарланууда. Ооган бийликтери туткундарды барымтадан бошотуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG