Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:27

Москвада “Трансперенси Интернешнлди” кайрадан текшеришти


Орусиянын прокуратура өкүлдөрдү көбүрөөк документтерди издөө максатында “Трансперенси Интернешнл” (Transparency International) анти-коррупциялык уюмунун Москвадагы кеңсесине кайрадан баш бакты. Кеңсенин башчысы Елена Панфилова прокуратура кызматкерлери шаршембиде келишкенин тастыктады. Ал “уюмдун 2013-жылы аткарып келген иштерин түшүндүрүп берүү үчүн бүгүн прокуратурага бараарын” “Твиттердеги” баракчасына жазды. Прокуратура март айынын соңунда Орусиядагы башка жүздөгөн бейөкмөт уюмдар менен катар эле “Трансперенси Интернешнлдин” Москвадагы кеңсесин текшерип чыккан болчу. Шаршембиде “Левада-центр” жана “Индем” аттуу саясий изилдөө уюмдарынын кеңселеринде да текшерүү жүргүзүлгөнү кабарланды. Жаңы текшерүүлөр “Хьюман Райтс Уотч” (Human Rights Watch) жана “Эл аралык мунапыс” (Amnesty International) уюмдарынын Орусиядагы адам укуктарына “жасалып жаткан чабуулдар” тууралуу биргелешкен баяндамасы чыккан күнгө туура келди. (KKs)

XS
SM
MD
LG