Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:27

Ирактын Сулейман Бейк шаары куралчандардын курчоосунда


Ирактын Багдад шаарынан түндүктү көздөй 160 чакырым алыстыкта жайгашкан Сулейман Бейк шаары куралчан козголоңчулардын курчоосунда калды. Шаар эки күн мурда суннит мусулмандарынын нааразылык лагерине жасалган аскердик рейд үчүн өч алууну көздөгөн куралчан адамдардын чабуулуна кабылды. Сулейман Бейктеги кагылыштан беш аскер, кеминде жети козголоңчу набыт болуп, 30 киши жаракат алды. Азыр шаар куралчан топтун көзөлүндө турганы кабарланууда. Шейшембиде Хавия шаарындагы лагерде аскерлер менен суннит козголоңчуларынын ортосунда атышуу болуп, 23 киши каза тапкан эле. (KKs)

XS
SM
MD
LG