Бишкекте шаар бийлиги күч органдары менен биргеликте өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту алдын алуу, кароосуз калып, кайыр сурап жүргөн балдарды аныктоо боюнча рейд өткөрдү. Анын жүрүшүндө, он адам кармалды. Алардын үчөө Өзбекстандын жарандары. Ошондой эле он жаштагы бала менен кайыр сураган тажикстандык үч аял катталды. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарланды. (EBM)