Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:23

Ысык-Көл: Кой-эчкилерге түл инфекциясы жугуу коркунучу жогорулады


Бул тууралуу “Азаттыкка” мамлекеттик ветеринария департаментинин Ысык-Көл облустук тез чара көрүү башкармалыгынын жетекчиси Бакыт Шарапов билдирди.
Облус боюнча малдын башы жылдан жылга көбөйгөндүктөн быйыл кой-эчкилердин түл оорусу башталуу коркунучунда турат. Бул инфекциялык оору болгондуктан ача туяктуулардын тумшуктарына жана терисине жара чыгып кетет. Учурда буга каршы вакцина жок.

Шараповдун айтымында, ача туяктуулардын түл инфекциясы 3-4 жылда бир жолу болуп турат:

- Түл оорусу 4 жыл мурун болгон. Быйыл Жумгал районунда жана Чүй облусунда катталды. Азыр облустун жер-жерлеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, алдын ала вакцинага каражат чогултулууда. Вакцина болгону Орусиядан алынып келет.

Шарапов облуска мал доктурлар да жетишпей жатканын кошумчалады. (MK)

XS
SM
MD
LG