Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:49

“Уш садоси” гезитинин баш редактору үй камагында калды


Бүгүн Ош облустук сот “Уш садоси” гезитинин баш редактору Мухаммадсоли Исмаиловдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, камакка алуу тууралуу облустук прокуратуранын арызын канааттандырган жок. Облустук прокурор Айбек Турганбаев эми Жогорку Сотко доо арыз жолдошоорун “Азаттыкка” билдирди.
Турганбаев Исмаиловго оор беренелер боюнча айып коюлгандыктан камакка алынышы керектигин буга чейин билдирген.

Исмаилов жана аны менен кошо эки адам ушул айдын башында камакка алынып, шаардык соттун өкүмү менен үй камагына чыгарылган. Алар 2010-жылы июнь коогасында өзүнүн улутташы, өзбек тектүү жаранды өлтүргөн деп шектелүүдө. (EBM)

XS
SM
MD
LG