Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:30

Мамдума чиновниктердин чет өлкөлүк банктардагы эсебин жаптырмак болду


Орусиянын Мамлекеттик Думасы өкмөттүк кызматтагы адамдардын чет өлкөдөгү банктарда эсеп ачуусуна жана бөтөн жерлик компанияларга акционер болуусуна тыюу салган мыйзамды үчүнчү окууда кабыл алды. Бул тизмеге, Кремль демилгечиси болгон жаңы мыйзамга ылайык, мартабалуу өкмөттүк кызматкерлер, Борбордук банктын мүчөлөрү, депутаттар, сот, прокуратура жана ички иштер министрлигинин кызматкерлери, аскер адамдары кирет. Бирок алар сырт өлкөдө там же мүлк сатып алса, акчаны кайдан алганын декларацияда көрсөтүшү шарт. Мыйзам долбоорун эми Федерациялар Кеңеши бекитип, андан соң президент Путин кол коюшу керек. Мыйзамдын жаралышына чет өлкөдө үй-жайы бар экени ашкере болгон жогорку кызматтагы адамдарга байланыштуу чатактар түрткү берди.

XS
SM
MD
LG