Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:12

АКШ: Тамерлан Царнаев ЦРУнун “кара тизмесинде” болгон



Бостон марафону кезде бомба жардырды деп шектелген Тамерлан Царнаевди АКШнын Борбордук чалгындоо кызматы - ЦРУ террорчу деп шектелген адамдардын тизмесине 18 ай мурда кошкон экен. Бул жөнүндө белгисиз калууну өтүнгөн АКШлык расмий булак билдирди. Анын айтышынча, ЦРУ Тамерланды тизмеге 2011-жылы Орусиянын чалгындоо кызматынын маалыматы боюнча киргизген. Жаңы факт эмне үчүн тийиштүү кызматтар Царнаевдерди көз жаздымында калтырган деген суроону күчөттү.

26 жаштагы Тамерлан өткөн жумада полиция менен атышууда окко учкан. Анын иниси, 19 жаштагы Жохарга террорчулукка катышты, кыргын салчу куралды пайдаланды деген айып тагылган. Буга чейин АКШнын Федералдык иликтөө бюросу Тамерлан боюнча коркунучтуу фактыларды таппаганын билдирген.
15-февралдагы марафон кездеги жардыруу үч кишинин өмүрүн алып, 260тан көп адамды жарадар кылган.

XS
SM
MD
LG