Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:14

Орусияда “Голос” бейөкмөт уюму “чет элдик агент” деп айыпталды


Москва шаардык соту шайлоолорго байкоо салчу “Голос” бейөкмөттүк ассоциациясын “чет өлкөлүк агенттин ишин кылып, "Коммерциялык уюмдардын ишмердүүлүгү жөнүндөгү" мыйзамды бузду” деп тапты. Эми “чет элдик агент” деп каттоодон өтүүдөн баш тарткан уюм 9, 5 миң доллар өлчөмүндө айып пул төлөш керек. Уюмдун башчысы Лилия Шибановага 3 200 доллар өлчөмүндө айып пул салынды.

Бул жогорудагы карама-каршылыктуу мыйзам ноябрда кабыл алынгандан берки ага байланыштуу өткөн алгачкы сот. Бул мыйзам чет өлкөдөн акча алган жана саясый ишмердүүлүк кылган бардык бейөкмөттүк уюмдарды “чет элдик агент” катары катталууну талап кылат.

“Голостун” лидерлеринин айтышынча, уюм айтылган мыйзам күчүнө киргенден кийин сырттан акча алууну токтоткондуктан, “чет элдик агент” деп каттала албайт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG