Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:08

Күрт адаватчылары Түркиядан 5-майда чыга баштайт


Күрт жумушчу партиясы - КЖП менен байланыштагы Firat News сайты эрегишчилердин учурдагы башчысы Мурат Карайыланга шилтеп жазганга караганда, эрегишчилерди чыгаруу топ-тобу менен жүргүзүлүп, мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө аяктайт. Карайылан Түркияга непада кол салуу болсо, жооп кайтарыларын да эскертти.

КЖПнын абактагы лидери Абдулла Ожалан март айында козголоңчуларды куралсыздандыруу үчүн аларга ок атууну токтоткула деген буйрук берген. Бүгүнкү билдирүүдө КЖПнын согушчандарынын куралсыздануусу жөнүндө эч нерсе айтылбайт.

Түркияда тыйуу салынган КЖП 1984-жылдан тарта өлкөнүн күрт калктуу түштүк чыгыш аймагында өкмөттүк күчтөргө жана мекемлерге кол сала баштаган. Анын кесепетинен 40 миңдей адам набыт болгон.

XS
SM
MD
LG