Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:10

"Ата Журттун" депутаттарынын ишин шаардык сот карай баштайт


2-майда Бишкек шаардык соту бийликти басып алууга аракет кылган деп соттолгон “Ата Журт” фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун апелляциялык арызын карай баштайт. Бул тууралуу Мамытовдун адвокаты Искендер Журабаев “Азаттыкка” билдирди.

29-мартта Бишкектеги Биринчи май райондук соту Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровду бир жарым жылга, Талант Мамытов менен Ташиевдин үч жан сакчысын бир жылга эркинен ажыраткан. Коомдук ишмер Кубат Кожоналиев болсо толугу менен акталган. Эл өкүлдөрүнүн адвокаттары сот өкүмүнө макул болбой, экинчи инстанцияга арыз менен кайрылышкан болчу.

Депутаттар өткөн жылдын 3-октябрында Ак үйдүн тосмосунан ашып өтүү менен коштолгон митингде бийликти басып алуу аракети болбогонун билдирип келишет. (KKs)

XS
SM
MD
LG