Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:30

АКШ Сирияда зарин газы колдонулду деп эсептейт


АКШнын чалгын агенттиктери Сирияда “аз масштабда” химиялык курал, тактап айтканда зарин газы колдонулду деп “дээрлик ишенимдүүлүк менен” корутунду жасашты. Бул тыянак мыйзам чыгаруучуларга атайын кат менен жөнөтүлүп, анын мазмунун коргоо министри Чак Хагел жарыялады. Катта чалгынчылардын корутундусу “физиологиялык үлгүлөргө негизделгени”, бирок кийинки тыянактар “так жана тастыкталган фактыларды” алып чыгышы керектиги белгиленген. Президент Барак Обама химиялык куралды колдонуу “кызыл чектен” ашканга барабар болоорун, бул эл аралык коомчулуктун жообун пайда кылаарын эскерткен. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG