Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:02

Царнаевдер Нью-Йоркто да жардыруу пландаган


Нью-Йорктун мэри Майкл Блумберг Бостон окуясына шектелген бир тууган Царнаевдер Таймс-сквер аянтында жардыруу уюштурууга ниеттенгенин билдирди. Ал мындай маалыматты бейшембиде Нью-Йорк полициясынын комиссары Рэймонд Келли менен бирге өткөргөн басма сөз жыйынында айтты. Ага ылайык, шектелгендердин бири, тирүү калган Жохар Царнаев агасы экөө Нью-Йоркто жардыруу пландаганын ооруканадан бостондук тергөөчүлөргө билдирген. Блумберг ага-ини бул чечимди кокусунан эле кабыл алганын белгиледи. Комиссар Келлинин айтымында, шектүүлөрдүн карамагында дагы бир канча колго жасалган бомба болгон.

Тергөөчүлөр Жохар Царнаев кеминде бир жыл мурда Нью-Йоркко, анын ичинде Таймс-скверге барганын тастыкташты. Жохардын агасы Тамерлан Царнаев полиция менен атышууда каза тапкан.

15-апрелде Бостон шаарында марафон учурундагы жардыруудан үч адам набыт болуп, 260 киши жаракат алган. (KKs)

XS
SM
MD
LG