Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:17

Маңзат соодасына аралашкан милиция кызматкери кармалды


Маңзатты көзөмөлдөө кызматы 60 килограммга жакын маңзат менен Ички иштер министрлигинин 36 жаштагы оперативдүү кызматкери, милициянын лейтенанты колго түшкөнүн маалымдады. Ага ылайык, аталган кызматкер Ооганстандан келген маңзатты Кыргызстан аркылуу Орусияга жөнөтүп турат деп шектелип, бир жыл бою артынан аңдуу болгон. Натыйжада Бишкектеги "Дордой" базарынан ошол милиция кызматкерине таандык Орусияга жөнөтүлгөнү жаткан товарлардын арасынан 15 килограммдан ашык героин табылган. Унаасын тинткенде 43 килограммдан ашык гашиш алынган. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергеп, иликтөө, шериктерин аныктоо иштери жүрүп жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG