Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:17

УКМК: Араванда эки адам “Хизб-ут Тахрир” уюмунан чыкты


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Ош облусуна караштуу Араван районунун эки тургуну “Хизб-ут Тахрир” уюмунан өз эрки менен чыкканын маалымдады. Алар бул тууралуу 24-апрелде райондук акимчиликтин, облустук казыяттын, дин иштери боюнча комиссиянын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн жыйында билдирген.

“Хизб-ут Тахрир” уюмунан өз эрки менен чыккандар буга чейин Ноокат районунда жана Талас облусунда да болгон.

ИИМдин 10-башкармалыгынын жетекчиси Таалай Акбаев Кыргызстанда бардыгы болуп 1,5 миңден ашык адам диний экстремисттик-террористтик уюмдун мүчөсү катары каттоодо турарын, анын дээрлик 90 пайызга жакынын "Хизб-ут Тахрирге" киргендер түзөрүн “Азаттыкка” маалымдаган.

Кыргызстанда сегиз диний уюм экстремисттик-террорчул деген кара тизмеге киргизилген, алардын ичинен эң кооптуусу деп "Хизб-ут Тахрир" уюму аталган. (EBM)

XS
SM
MD
LG