Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:53

БУУ: Кыргызстанда өспүрүмдөр сойкулугу ачыкка чыкпайт


Бириккен улуттар уюмунун балдар укугу боюнча атайын баяндамачысы Нажат Малла Мжид Кыргызстанда балдар порнографияда колдонулуп, сойкулук кызматтарга тартыларын, бирок ал бир дагы расмий маалыматтарда айтылбай турганын бүгүнкү маалымат жыйында билдирди. Ага ылайык, мындай кылмышка чара көрүлөрүнө балдар ишенбегендиктен айтышпайт жана эч жакка кайрылбайт. Коомдун менталитетинен да бул жагдай жашыруун калууда. Нажат Малла Мжидди кыргыз өкмөтү балдардын ушул сыяктуу кылмышка аралашуусун иликтөө үчүн чакырган.

“Биз жашы жетелек кыздардын көчөдө туруп сойкулук менен алектенгени боюнча фактыларды билебиз. Алар саунадагы кызматтарга да тартылат. Бир-эки кыздын милиция кызматкерлери менен байланышта болгонун да уктук. Алар бул жөнүндө бирөөгө айтып, арыздана албайт. Анткени ушундай жол менен төлөш керек”, - дейт Нажат Малла Мжид. (EBM/AKu)

XS
SM
MD
LG