Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:25

Бишкек: 3 жашар кызын зордуктады деп шектелген адам кармалды


Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери 3 жашар кызын зордуктап, кол көтөрүп денесине оор жаракат келтирди деп шектелген адамды кармады.

Милициянын маалыматына ылайык, наристе кыз тууралуу кабар ооруканадан келген. Текшерүү жүрүшүндө шаардагы Мурас-Ордо конушунун 32 жаштагы тургуну Алматыда иштеп жүрүп жаңы келген күйөөсү ичип алып, аны үйдөн кууп чыккан соң наристе кызын сабап, зордуктап салганы тууралуу арыз жазган. Азыр кылмышка шектелген адам камакка алынды. Кылмыш иши козголуп, тергөө башталды. Жабыркаган кыз учурда ооруканада.

Ал арада былтыр өлкөдө 116 бала сексуалдык зомбулукка кабылганы маалым болду. Бул тууралуу “Эл пикир” изилдөө борборунун жетекчиси Элвира Илекбезова бүгүн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, соңку учурда балдарга карата зомбулуктун бул түрү көбөйүп, 2010-жылы 75, 2011-жылы 80 факт катталган. (EBM)

XS
SM
MD
LG