Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:14

Токтонасыров Беларус элчилигиндеги акциялары боюнча милицияда болду


Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров бүгүн Ички иштер министрлигинин 10-башкармалыгында Беларус элчилигинин алдындагы акциялары тууралуу түшүнүк кат жазды. Анын “Азаттыкка” билдиришинче, белорус элчиси 5-апрелде Токтонасыровдун үстүнөн арызданып, Тышкы иштер министрлигине нота жолдогон. Жарандык активист мурунку президент Курманбек Бакиев баштаган адамдарды белорус бийлиги өткөрүп бермейинче акцияларын мыйзам чегинде өткөрүп, токтотпой турганын түшүнүк катта жазганын билдирди.

Токтонасыров ИИМге Интерполдун Кыргызстандагы өкүлдөрүнө жолугуу үчүн барганын, аларга соттун чечими чыккандан кийин Бакиевдерди алып келүү үчүн аракет көрүү укуктарын колдонбой жатканын айтмакчы болгонун, бирок жолуга албаганын кошумчалады.

Токтонасыров буга чейин Беларус элчилигинин алдында бир катар акцияларды өткөргөн. Анда аталган өлкөнүн президенти Александр Лукашенконун сүрөтүн да өрттөгөн.

Ушу тушта Кыргызстандын күч түзүмдөрүнөн турган топ апрель окуяларынан кийин качып кеткен, өлкөсүндө кылмышка шектелген мурунку президент Курманбек Бакиев жана анын жакындарын алып келүү маселелери боюнча Минск шаарында жүрөт. (EBM)

XS
SM
MD
LG