Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:34

Блумберг: Алар Нью-Йоркту да жардырабыз дешкен


Блумберг Нью-Йоркту Кудай сактады дейт, 25-апрель, 2013
Блумберг Нью-Йоркту Кудай сактады дейт, 25-апрель, 2013

Нью-Йорктун мэри Майкл Блумберг жакында Бостондогу марафондо жардырууну уюштурган деп шектелгендер Нью-Йорктогу Таймс скверди да жардырабыз деп максат кылышкан деди.

Бул жөнүндө кечээ мэр Блумберг бир күн мурда Федералдык Чалгын Бюросунун (ФБРдин) адамдары менен сүйлөшкөндө укканын айтты.

"Кечээ түнү мага ФБРден айтышты. Жардырууга шектелгендердин тирүү калганы аларга айтыптыр, Нью-Йорк алардын кийинки чабуул кое турган максаты болгон экен. Калган бомбаны алар агасы экөө Таймс скверде жардырмак болушкан, - деди мэр. - Ал үчүн алар кошумча жардыргыч заттарды жасап коюшкан жана сөзсүз жардырууну уюштуруу колунан келмек".

Блумбергдин айтымында, азыр ооруканада жаткан шектүүлөрдүн бири Жохар Царнаев Бостондогу иликтөөчүлөргө алар агасы Тамерлан экөө Таймс скверге кокусунан эле чабуул жасоону пландашканын кабарлаган.

Мэр соңку кабарды Нью-Йорктун полиция комиссары Рэймонд Келли менен биргелешкен маалымат жыйынында айтты.

Келли болсо айыпталган Царнаевдер Нью-Йорктогу жардырууда мүмкүн болушунча көбүрөөк курмандык болушун каалашканын, алар камдап койгон жардыргыч заттын көлөмү ошондой ойго түртөөрүн айтты.

"Бул ага-ини алты бөлөк жардыргыч затка тийиштүү материалдарды камдашкан. Ал бомбалардын бири Бостон марафонундагыдай мык чачыратмалары аралаштырылып, катуу басым астында жылчыксыз бекитилген мискейде катылган. Калган бешөө колдо жасалган түтүктөрдө бекитилген бомба экен", - деди Нью-Йорк полициясынын комиссары Рэймонд Келли.

Журналисттер Нью-Йорктун укук коргоо органдары Бостондогудай чабуулдун болушуна жол бербеш үчүн анын алдын алууга даяр беле деп сурашты. Буга Блумберг андай зарылчылыктын болбогонуна шүгүрчүлүк келтириш керек дегендей жооп берди.

"Эгер террористтер Бостондон бизге келсе, биз аларды убагында токтото алат белек, билбейм. Мен андай зарылчылыктын болбогонуна кубанып турам. Уотертаун, Массачусетс жана Бостондун полициясы, ФБР менен Ички коопсуздук кызматтарынын мыкты ишинин натыйжасында террористтер андан аркы планына жетише албай калышты", - дейт мэр.

Америкалык тергөөчүлөрдүн айтымында, Царнаевдердин кичүүсү өткөн жылы кеминде эле бир ирет Нью-Йоркко, анын ичинде, Таймс скверге келип кеткен.

Царнаевдердин улуусу Массачусетс полициясы менен атышууда көз жумган. Бостон шаарындагы жылдык марафондо "дал ушул Царнаевдер уюштурган болушу мүмкүн” делип жаткан кош жардырууда кеминде үч киши курман болуп, 260дай адам жаракат алган эле.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG