Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:41

Жириновский тажик бийликтерин кыжырдантты


Владимир Жириновский
Владимир Жириновский

Кечээ Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Тажикстанга нота жиберип, Мамлекеттик Думанын депутаты Владимир Жириновскийдин Тажикстан жөнүндө телеканалдагы билдирүүлөрү “анын жеке пикирин гана көрсөтөт” деп айтты.

Орус Тышкы иштер министрлиги “Жириновскийдин билдирүүлөрү Орусиянын расмий позициясын билдирбейт” деген мааниде кат жиберди.

Андан эки күн мурун Тажикстан Орусияга нааразылык нотасын жиберип, орус саясатындагы талаштуу фигура Владимир Жириновскийдин билдирүүлөрүнө кыжырдануусун билдирген.

Орус парламентинде Либерал-демократиялык партиянын (ЛДПР) лидери Жириновский 18-апрелде орус телеканалындагы “Поединок” программасына катышып жатып, Тажикстан жөнүндө кескин келекелеген, шылдыңдаган билдирүү жасаган. Сөз анда тажик бийликтери орус аскерий базасы үчүн ижара акы сурап жатышканы жөнүндө жүргөн болчу.

"Тажик коммунисттери бетти калың кылып туруп, Тажикстандагы биздин базабыз үчүн акыны дагы көтөрүп жатышат. Билишет, Орусияда акча бар, ошон үчүн көбүрөөк төлөгүлө дешет. А биз аларга: “Төлөбөйбүз! Силерден жумушчуларды алганды токтотобуз!” дейбиз", - деген эле Жириновский.

Орусиянын Тажикстандагы 201-аскерий дивизиясы Экинчи дүйнөлүк согуш бүткөндөн бери эле турат, кийин 1991-жылы Советтер Союзу таркагандан кийин да калып калган.

Борбор Азиядагы бейстабилдүүлүктөн жана Ооганстандан чыкчу коркунучтардан коргоочу катары каралып, 201-дивизия көптөгөн жылдар бою эч кандай ижара акысыз эле иштеп келди.

Бирок жакында эле Орусия Кыргызстанга Канттагы аскерий базасы үчүн ижара акы төлөй турган болгону жана Батыш өлкөлөрү Ооганстандагы аскерлерине жардам бериш үчүн бул региондо иштеткен базалары үчүн акы төлөгөнгө даярдыгын билдирип жатканы тажик бийликтерин Москвадан акча суроого түрткөн.

Жириновскийдин Тажикстандан иш издеп келчү жүз миңдеген мигранттарга жолду жабыш керек деген чакырыгы Душанбе үчүн олуттуу коркунуч. Былтыркы эле жылды алсак, орус жеринде иштеген тажик мигранттары мекенине 3,65 млрд. доллардан ашуун акча жиберишкен. Бул Тажикстандын ички дүң өндүрүмүнүн жарымына барабар.

Владимир Жириновский мигранттар жөнүндө коркуткан билдирүүсү менен эле чектелип калган жок. Ал эгер чындап эле Орусия тажик жеринен аскерлерин чыгарып кетсе, бул эң оболу президент Эмомали Рахмон үчүн коркунуч деди.

"Анда тажик президенти Рахмон эмне кылат? Анын күнү бүткөнү ошол экенин билет. Ооган талиптери Тажикстанды басып кирип, учурунда лидери Нажибулланы өлтүргөндөй эле, Рахмондун өзүн Душанбенин борборунда дарга асышат", - деген орус депутаты.

Мурдагы ооган президенти Мухаммад Нажибулланы Бириккен улуттар уюмунун миссиясында жашап жаткан жеринен 1996-жылдын сентябрында Кабулду басып алган талиптер сыртка чыгарып кетишкен. Кийин анын кыйноолорго алынган, атылган денесин шаардын борборунда дарга асып коюшкан эле.

Тажикстан ал билдирүүдөн кийин Орусияга нааразылык нотасын жиберип, маселени шаршембиде тажик парламенти талкуулады. Тажик депутаты Шукуржон Зухуров: "Мамдуманын депутаты Владимир Жириновскийдин акыркы билдирүүсү Орусиянын мамлекеттик деп эсептелген “Россия 1” телеканалынан көрсөтүлдү. Бул – жекирүүнүн жеткен чеги", - деп айтты.

25-апрелде Орус Тышкы иштер министрлиги жиберген катта Тажикстанды “союздаш жана стратегиялык өнөктөш” деп атаган. Мамдуманын Коргонуу комитетинин өкүлү Виктор Захарин ал телепрограммадан кийинки билдирүүсүндө “Орусиянын коопсуздугун сактоо Борбор Азиядагы базаларсыз татаал болмоктугун” моюнга алды.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG