Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:51
15-апрелде Бостондо болгон кош жардырууга шектелген Жохар Царнаев Бостондогу ооруканадан Форт-Девенс шаарындагы түрмөгө которулду. 19-жаштагы Царнаев полиция менен атышууда алган оор жараатынан дарыланууну улантууда. 19-апрелде жардырууну уюштурган деп шектелген ага-ининин улуусу Тамерлен полиция менен атышууда жан берген. Жохар болсо кийинки күнү кармалган.

11 күн мурун Бостондогу кош жардырууда үч киши өлүп, 260тан ашуун адам жарадар болгон. Царнаевдердин балачагы Токмок шаарында өткөн, 2000-жылдардын башында бул үй бүлө Дагестанга, андан ары АКШга көчүп кеткен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG