Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:53

Ооган согушчандарынын жайкы чабуул сезону башталды


Талиптер бүгүн жарыялаган билдирүүдө “жанкечтилик кылабыз”, “Ооган аскерлерин катарына кирип өлтүрөбүз”, “эл аралык авиабазаларга жана дипломаттык имараттарга чабуул коюлат” деп айтылат.

Билдирүүдө жарандарга "расмий жыйындардан четте болгула, Ооган армиясына жана полициясына кошулбагыла" деп эскертилет. Талиптер билдирүүнү Ооганстандын аскерий жана полиция күчтөрү өлкө коопсуздугу үчүн жоопкерчиликти толук бойдон НАТО аскерлеринен өткөрүп алганга даярданып жаткан кезде жасады.

Келерки жылы эл аралык аскерлер Ооганстандан чыгып кетет. Ооганстандын бейөкмөттүк уюмдарынын билдиришинче, былтыртан бери талиптердин жана башка согушчандардын кол салуулары бир кыйла көбөйгөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG