Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:16

Талас шаарында кабаттуу үйлөрдүн чатыры учту


"Азаттыктын” аймактагы кабарчысы билдиргендей, кечээ кечинде Талас шаарындагы эки көп кабаттуу жеке менчик үйдүн чатырын шамал учуруп кетти. Чатырды жашоочулар өз каражатына эки ай мурда жабышкан. Үйлөрдүн биринин тургуну Жакыпбек Назаралиев ар бир түтүн 10 миң сомдон чогултканын, эми кайра чыгым тартып отурушканын айтып, арызданды.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тургундарга жардам берээрин билдирди. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги окуяга баа берилип жатканын маалымдады. (MbA/AKu)

XS
SM
MD
LG