Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:50

Өмүракуновду эскерүү мелдеши өтүп жатат


Бишкекте коомдук ишмер, "Замандаш" ассоциациясынын лидери, маркум Мухтар Өмүракуновдун элесине арналган шахмат боюнча мелдеш экинчи ирет өтүп жатат. Ага өлкө боюнча 60ка жакын оюнчу катышууда. Алардын арасында өлкө чемпиону, спорттун чеберлери бар.

Мухтар Өмүракунов шахматты жакшы ойногонун жана спорттун башка түрлөрүн өнүктүрүүгө, спортчуларга көмөктөшүп келгенин жакындары айтышат. Ал “Замандаш” спорт клубун түзгөн.

Өткөн жылы маркум Мухтар Өмүракуновдун атындагы фонд ачылып, жыл сайын спорттун бир нече түрү боюнча мелдеш өтүп турмай болгон. (KM)

XS
SM
MD
LG