Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:27

Аба ырайы: сел жүрүшү мүмкүн


Кыргызстанда 27-29-апрель күндөрү жааган жаан-чачындан улам тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарда сел жүрүшү жана дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал.

28-апрелде айрым жерлерде түнкүсүн жамгыр жаап, күн күркүрөйт, тоолорго кар түшөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан жаабайт. Кээ бир райондордо жамгыр катуулайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +11…+16 градус; Талас облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +10…+15 градус; Баткен облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +12…+17 градус; Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +13…+18 градус; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +11…+16 градус; Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +12…+17 градус.

Бишкекте 28-апрелде түнкүсүн дээрлик жаан жаабайт, күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: түнкүсүн +8... +10, күндүз +14... +16 градус болот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG