Куба бийликтери жума күнү жарыялаганга караганда, эми алар эл аралык жарым профессионалдык мелдештерге кайра катыша баштайт. Куба өкмөтү улуттук мушкерлердин эл аралык профессионалдык мелдештерге катышуусуна 1961-жылы тыйуу салган. Бирок алар боксту сүйүүчүлөр арасындагы турнирлерде чоң ийгиликтерге жетишкен, Олимпия оюндарында 67 медаль уткан. Алар ноябрда башталчу Дүйнөлүк бокс мелдешине катышат, ай сайын 1 миң доллардан 3 миң долларга чейин табышат деп болжолдонууда.