Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:57

Боинг-787 Dreamliner авиалайнери кайра уча баштады


Эл аралык авиакомпаниялар Боинг-787 Dreamliner лайнерлерин кайра учура баштайт. Үч ай мурда Жапонияда авиалайнердин аккумлятору катуу кызып кеткенден бул типтеги учактагы учурууну дүйнөлүк авиакомпаниялар токтотушкан болчу. Ошондон бери ишемби күнү биринчи жолу Эфиопиянын аба жолдору компаниясына караштуу Боинг-787 Dreamliner Аддис-Абебадан Кениянын байтакты Найробиге ийгиликтүү учуп барган.

Жакында АКШнын жарандык авиация башкармалагы Боинг-787нин ион-литий аккумуляторунун конструкциясындагы өзгөрүүлөрдү жактырган. Батареянын кемчилигин түзөткөнгө чейин Боинг -787 Dreamliner учактарын токтотуп койуудан "Боинг" компаниясы жумасына 50 млн. доллар чыгым тартты.

XS
SM
MD
LG