Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:42

Баткендеги чатакта жабыркаган үч жаран медициналык жардамга муктаж


Кыргыз-тажик чегинде болгон кечээ кечиндеги жаңжалда жаракат алган Баткендин Ак-Сай айылынын үч тургунун жол жабык болгондуктан райондук ооруканага жеткирүүгө мүмкүн болбой жатканын "Азаттыкка" бүгүн аталган айылдагы медициналык пункттан кабарлашты. Бул үч тургундун биринин башына, калган экөөнүн колу-бутуна таш тийип жабыркаган. Айылдык дарыгерлер алар үчөө тең ооруканага жатып дарыланууга муктаждыгын, айылдагы медпунктта андай шарт жоктугун айтууда.

Мындан сырткары кечээги чатакта Тажикстандын жарандары Баткендеги Масейиттин жайыты деген конуштагы бир үйдүн терезесин талкалап, бир жылкыны жетелеп кетишкен. Облустук прокуратура азыр бул окуя боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Чек арадагы чатактан улам Баткендин кыргыз-тажик чегиндеги бир нече айылында кечээ түнү менен күч кызматкерлери күзөттө турушту.

Аксайлыктар Тажикстандын Ворух анклавына кирчү жолду дале жаап турушат. Ошол эле учурда Ак-Сай айылын Кыргызстандын башка аймактары менен байланыштырган жолду да тажик жарандары Октябрь айылынын жанынан тосуп алышкан. Эки тараптын жергиликтүү бийликтери маселени чечүү боюнча сүйлөшүүлөрүн улантууда.

Чатак кыргыз тарап Ворух анклавын айланып өтүүчү Ак-Сай - Тамдык жолун салып башташынан тутанган. Тажик тарап жол али тактала элек чек арага курулуп жатат деп нааразы болушса, кыргыз тарап жол шарттуу чек арадан 500 метр ичкери тарапта салынып жатканын билдирүүдө. (JsA/AKu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG