Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:37

Баткенде кыргыз-тажик бийлик өкүлдөрү жолукту


Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов ушул тушта Баткенде кыргыз-тажик жарандары жаңжалдашкан Ак-Сай айылында жүрөт. Асановдун “Азаттыкка” билдиришинче, жаңы эле эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрү жергиликтүү тургундар менен жолукту. Ага Тажикстандын Согди облусунун губернаторунун орун басары баштаган топ келди. Сүйлөшүүлөрдө тараптар жолду ачуу, чыгымдарды эсептеп калыбына келтирүү тууралуу макулдашты.

27-апрелде Тажикстандын Ворух анклавынын айланып өтчү Ак-Сай - Тамдык жолун куруу башталганда кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда чатак чыккан. Маалыматка караганда, ворухтуктар жол куруп жаткан тракторчуну сабаган. Мындан кийин Ак-Сайдын тургундары Ворух-Исфара жолун бууган. Эки тараптан эл чогулуп бири-бирине таш атышкан. Бейрасмий маалыматка карганда, Ак-Сайда бир канча унаа жабыркап, сегиз кишиге таш тийген, үчөөнүн жараты оор экени айтылууда. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG