Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:37

ОшМУдагы коррупция боюнча ишке тергөө жанданды


Ош шаарынын прокурору Атай Шакир уулу Ош мамлекеттик университетиндеги коррупция боюнча козголгон кылмыш ишке тергөө кайра жанданганын “Азаттыкка” билдирди. Прокуратура аталган окуу жайдын мурдагы жетекчилиги 2009-2010-окуу жылында окуудан чыгарылган студенттердин 2,5 миллион сомдук келишим акысын кымырып алганы ашкереленгенин кабарлаган. Тергөөнүн жүрүшүндө окуу үчүн төлөнгөн акча студенттерге кайтарылбаганы, бирок берилди деген жасалма документ түзүлгөнү аныкталган.

Ошол кездеги окуу жай ректору Муктар Орозбеков, анын орун басары Ашыралы Борбоев жана башкы эсепчи, азыр Жогорку Кеңеште “Республика” фракциясынан депутат Элмурад Обдуновго кылмыш иши козголгон. Бирок парламент ушул айдын башында Обдуновду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген жок. Мындан улам шаардык прокуратура Обдуновдун ишин өзүнчө бөлүп коюп, калган ишке тергөөнү жандантты. Бул иш боюнча айып коюлган Муктар Орозбеков өткөн жуманын этегинде Ош социалдык университетине (мурдагы кыргыз-өзбек) ректор болуп дайындалганы маалым болду. (EBM)

XS
SM
MD
LG